Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Кымыз фестивалы өткөрүлөт

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Июн 2022 | 625 | 0

2-июлда Бишкектеги «Ала-Тоо» ресторанында III Кымыз фестивалы өтөт. Бул тууралуу «Кымыз фест» уюмунун жетекчиси Улан Дүйшөналиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Кымыз фестивалы — биздин баалуулуктарыбызды бириктирүү жана сактоо жолу, анын максаты кымыздын өзгөчө касиеттери жөнүндө маалыматтарды жайылтуу болуп саналат.

«Аталган фестиваль — улуттук суусундукту коомдук тамактануу пунктуларына жеткирүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан атайын аянтча. Иш-чара кыргыз элинин байыркы салттарын жандандырат жана кымыздын азыркы коомго маанисин жогорулатат», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM