Биз менен байланышыңыз

Окуучулардын тамагына бөлүнгөн акча кийинки жылдан тарта көбөйтүлөт

Кыска кабар | 20 Июн 2022 | 242 | 0

Кыргызстанда 2023-жылдан тарта мектептерде балдардын ысык тамагына бөлүнө турган акчанын өлчөмү көбөйтүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Анын айтымында, буга чейин ар бир окуучунун тамак-ашынын өлчөмүн 7 сомдон 14 сомго чейин көтөрүү сунушталган. Бирок ал үчүн 650 миллион сом керектелет.

«Бул чоң сумма. Аны 20 сомго көтөрсөк, анда 2023-жылы гана баштасак болот. Эми келерки жылдын бюджетин түзө баштадык», — деди ал.

Билим берүү жана илим министрлиги АКШнын «Мерсико» уюмунун жардамы менен мектептерге кубаттуу тамак берүү программасын ишке ашырууну улантууда. Программаны АКШнын Айыл чарба министрлиги каржылайт.

Министрлик алгач 413 мектепти сунуштап, аларга базалык жана инженердик баалоо жүргүзүлгөн. Анын негизинде 410 мектеп тандалып алынганын Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

«Мерсико» эл аралык коммерциялык эмес уюму 25 жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин ашканаларын техникалык жана азык-түлүк жактан жабдып келет. Программанын алкагында ишкана 9 жылдын ичинде 510 мектепке жардам берген.

Министрликтин маалыматы боюнча, учурда өлкө боюнча 1735 мектептин башталгыч класстарына кубаттуу тамак берилип жатат. Бул жалпы мектептердин 60%ын түзөт. Калган 40%ы 2023-жылга чейин заманбап шартта оңдолору болжолдонууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM