Биз менен байланышыңыз

«Алтын балалык» комплексине балдар жөнөтүлдү

Кыска кабар | 19 Июн 2022 | 311 | 0

Бүгүн, 19-июнда «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборуна балдардын кезектеги тобу эс алууга жөнөтүлдү.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлады.

«Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборуна ден соолугунда көйгөйү бар балдар дарыгердин жолдомосу аркылуу жөнөтүлөт.

Ал эми калктын аялуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн балдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу тизмеге киргизилет.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» реаблитациялык комплекси 1-июнда реконструкциялоодон кийин ишке берилди.

Комплекстин курулушу 1998-жылы Ысык-Көл районунда Майрам Акаеванын «Мээрим» фондунун демилгеси менен башталганы айтылат. 2005-жылдагы Март революциясынан кийин комплекстин курулушу токтоп калган. 2021-жылдын март айында комплекстин курулушу жандандырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM