Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Суу тармактарын оңдоого көңүл бурулуп жатат

Кыска кабар | 19 Июн 2022 | 200 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров суу чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Жапаров учурда ирригациялык тармакты калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Бул максатта зарыл болгон каражат бөлүнгөн.

«Көрүлүп жаткан чаралар аркылуу жакынкы аралыкта биз сугат суу көйгөйүн чечип, ирригациялык тармактарды оңдоп, жаңы каналдарды курууга тийишпиз, бул сугат жерлеринин аянтын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Буга катар тамчылатып сугаруу тармагында, жаңы скважиналарды бургулоо жана суу ресурстарын пайдаланууда эң алдыңкы технологияларды пайдалануу маанилүү. Биз биргелешип алдыга коюлган бардык милдеттерди өз убагында жана толук көлөмдө чече аларыбызга ишенем» , — деди Акылбек Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM