Кыргызгидромет билдиргендей, 20-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Аба температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+32,
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,
Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +29…+31 градус болот.