Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев күз-кыш мезгилине даярдыкты жана Түндүк-түштүк жолунун курулушун көрдү

Кыска кабар | 19 Июн 2022 | 288 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Нарын жана Ысык-Көл облустарына жумушчу сапарынын алкагында күз-кыш мезгилине даярдыктын жана жолдордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде Бакыт Төрөбаев «Шарбон» жабык акционердик коомунун жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчилери менен жолугушту, алар көйгөйлүү маселелерди айтып беришти.

Төрөбаев өнөр жай жана экологиялык коопсуздук ченемдерин тыкыр сактоо менен жакын арада көмүр ташуу иштерин баштоо зарылдыгын белгиледи жана көмүр казуу ишканаларынын жетекчилерине Бишкек шаарынын ЖЭБине жана калкка көмүр ташуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарууну сунуштады.

Мындан тышкары, Балыкчы шаарындагы отун базасында жеке ташуучулар менен жолугушту. Анда күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүүдө көмүр ташуучулардын ролу чоң экенин белгилеп, мамлекеттик органдарга жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына ташуучулар тараптан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу менен таанышты. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев темир жолдун курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. 1 км темир жол салынган, учурда төмөнкү жолдор салынып жатат.

«Кыргыз темир жолу» узундугу 63 чакырымды түзгөн «Балыкчы-Кочкор» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Жумгал жана Кочкор райондорундагы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышып, курулушчуларга сапатка басым жсоо менен ишти тездетүүнү сунуштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM