Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы «Белес KG» компаниясынын автобустарын алат

Кыска кабар | 17 Июн 2022 | 721 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы «Белес KG» ЖЧКсы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Кызматташуу меморандумуна 16-июнда мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Максат Нусувалиев менен «Белес KG» башкы директору Мирбек Аскалиев кол коюшту.

Эми мэрия «Белес KG»  чыгарган жабдыктардын сапатын алгачкы текшерүү максатында газ кыймылдаткычы бар 5 автобус сатып алууну көздөөдө.

Тараптар мындан аркы пландарды жана Бишкек шаары боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну да талкуулашты.

Быйыл жыл башында президент Садыр Жапаров ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында Кыргызстанда чыккан автобустарды мамлекет сатып аларын жарыялаган. Бирок андан кийин Бишкек мэриясы компаниянын автобустарын алуудан баш тарткан. Буга унаанын баасынын кымбаттыгы жана сапатына сертификат жоктугу себеп экени айтылган.

«Белес KG»: Биз баштапкы колдоону өз өлкөбүздөн күткөнбүз

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM