Биз менен байланышыңыз

«Белес KG»: Биз баштапкы колдоону өз өлкөбүздөн күткөнбүз

Блог | 21 Апр 2022 | 5448 | 0

Быйыл жыл башында президент Садыр Жапаров ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында Кыргызстанда чыккан автобустарды мамлекет сатып аларын жарыялаган. Бирок эки күн мурун Бишкек мэриясы «Белес KG» компаниясынын автобустарын алуудан баш тартты. Буга унаанын баасынын кымбаттыгы жана сапатына сертификат жоктугу себеп экенин айтты. Ал эми «Белес KG» компаниясы Бишкек мэриясы автобус менен толук таанышпаганын, айтылган сындар негизсиз экенин белгилөөдө. Биз автобус кураган компаниянын аткаруучу директору Урмат Дүйшеев менен ушул жаатта маектештик.

— «Белес KG» заводунда канча адам иштеп жатат?

— Учурда 25тей адис иштейт. Алар: инженерлер, электриктер, конструкторлор. Бирок жумушчу ала элекпиз. Завод толук иштей баштаганда жумушчулар көбөйөт.

— Бишкек мэриясына караштуу Транспорт департаментинин директору Максат Нусубалиев: «Автобустары кымбат жана азырынча сапатына карата лицензиясы жок, ошондуктан сатып албайбыз», — деди. Бул боюнча кандай пикир айтасыз? 

— Чынында, автобустардын сапаты боюнча сертификат азырынча колубузда жок. Бирок ал жаатта иштерди жүргүзүп жатабыз. Азыркы тапта шериктеш өлкөлөрдүн биринен полигондук сыноодон өтүп жатат. Сертификаттардын 85-90%ы бүтүп калды. Ал эми баасы боюнча айткандарына кошулбайм. Автобустарга коюлган баа сапатына толук жооп берет. Бул нарк кепилдигин, тейлөөнү жана тетиктердин сапатын эске алуу менен бекитилген. Биздин баалар чет өлкөлүк компаниялардын автобустарына салыштырмалуу арзан.

— Сапаты боюнча дагы эмнелерди айта аласыз? Автобустар эл аралык стандартка жооп береби?

— Биздин автобустар Европа өлкөлөрүнөн чыккан тетиктерден куралган. Мисалы, Нидерландынын дүйнөгө белгилүү DAF Trucks NV, Paccar MX11 компаниясынын кыймылдаткычы күйүүчү майды үнөмдөө жана абага көмүр кычкыл газын аз чыгаруу үчүн бардык керектүү элемент менен толук жабдылган. Бул —  биздин экологиялык кырдаалга байланыштуу абдан маанилүү. Жакшы айдаса, бул кыймылдаткыч капиталдык оңдоосуз эле бир миллион километр кызмат кыла алат. Биздин автобустар Mercedes-Benz Group, MAN Truck&Bus, Solaris Bus&Coach сыяктуу европалык гиганттар пайдаланган ZF Friedrichshafen AG немис концернинин порталдык огу жана автоматтык трансмиссиясы менен жабдылган. Ошондой эле биздин автобуста германиялык Continental AG концернинин панелдери орнотулган. Биздин продукция бардык эл аралык стандартка жооп берет жана учурда сертификаттоодон ийгиликтүү өтүп жатат деп сыймыктануу менен айта алабыз.

— Автобустун баасы канча деп көрсөтүлгөн? Бул баа эмненин негизинде бекитилген?

— «Белес – Кыргызстан» дизель кыймылдаткычы менен жүргөн автобус 185 600 евро турат, газ мотору менен жүрө турган автобус 178 500 евро болот. Сапаттуу өндүрүм арзанга түшпөсү баарыбызга маалым. Бизде автобустарга кепилдик берүүнүн жана тейлөөнүн комплекстүү системасы түзүлгөн. Бул автопаркты көп жылдарга сактап калууга жана мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берет. Тактап айтканда, биздин автобустун баасына үч жылдык акысыз тейлөө жана эки жылдык кепилдик тейлөө кирет. Демек, мэрия бюджеттик каражатын беш жыл бою тейлөөгө коротпойт. Ал чоң каржылык үнөмдөөгө алып келип, биздин автобусту сатып алууга кеткен чыгымын актайт.

— Автобустар канча убакыт кызмат кылып бере алат?

— Биздин автобустун жашоо цикли 15 жылдан 20 жылга чейин болот. Бул — биздин өлкө үчүн абдан жакшы убакыт. Бирок белгилүү болгондой, ар бир транспорт каражаттын жүрүү мөөнөтү аны кандай колдонгондон көз каранды болот. Эгер өз убагында техникалык кароодон өтпөсө, атайын күйүүчү май менен камсыздалбаса, анда кызмат көрсөтүү мөөнөтү аз болот.

— Мэрия менен канча жолу сүйлөштүңүздөр? Сиздердин автобус тууралуу маалыматты канчалык жеткизе алдыңыздар?

— Мэриянын кызматкерлери, Транспорт департаментинин өкүлдөрү таанышуу иретинде биздин заводго келишкен. Андан кийин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өндүрүш боюнча өткөзгөн кеңешмеде вице-мэр Бакыт Абдиев биздин автобустар тууралуу таанытымды уккан. 28-мартта мэрияга жана шаардык кеңешке кызматташуу боюнча кат жолдогонбуз, бирок жооп келген эмес.

Биз мэрия менен жолугушууларды өткөрүп, өндүрүмдү ийне-жибине чейин көрсөтө алган жокпуз, биздин кайрылууларыбыз дээрлик көңүл сыртында калды, бул — абдан өкүнүчтүү. Эгерде мэриядан кызыкчылык жана конкреттүү техникалык тапшырма болсо,керектүү критерийлер боюнча алардын өтүнүчү менен аткармакпыз, кытайлык өндүрүшчүлөргө караганда арзаныраак сунуштай алат элек.

Белгилеп коюшум керек, бизге мэрия автобустарыбыздан баш тартканы боюнча расмий айта элек. Ошондуктан мындан ары да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз деген ниетибиз бар, үмүтүбүз чоң.

— Президент сиздердин заводго барып, автобустарды сыноодон өткөргөндө эмне деп убада берди эле?

— Президент Садыр Жапаров биздин автобустарды сыноодон өткөрүп көргөн. «Жакынкы арада Бишкек, Каракол, Кара-Балта, Жалал-Абад, Ош шаарларына автобустарды буйрутма берсек болчудай экен», – деп айткан. «10 автобус, 10 троллейбус буйрутма беребиз», — деген болчу.

— Автобустар экологияга зыян келтирбейби?

— Биздин «Белес-автобустар» экологияга такыр зыян келтирбейт. Себеби алар «Евро-5» стандартындагы дизелдик кыймылдаткыч менен жабдылган.

— Майып жарандарга, карыларга, балалуу энелерге тиешелүү шарт түзүлгөнбү?

— Ооба. Өзгөчө адамдарга атайын түшүп, көтөрүлө турган пандус бар. Биздин автобустардын полу жапыс, тепкичтери жок. Мисалы, башка коомдук транспортто бир-эки, кээ бирлеринде 3-4 тепкич бар, ал эми бизде жок. Бардык жарандарга ыңгайлуу.

— Эгерде мэрия ата мекендик өндүрүштөн чыккан автобустарды сатып алабыз десе, канча жаран жумуш орун менен камсыз болот? 

— Ал буйрутманын көлөмүнөн көз каранды болот. Мисалы, 500 автобустан жогору буйрутма келсе, миңдей адам иш менен камсыз болот. Бул жерде бир гана кыргыз жарандары эмес, ЕАЭБдин алкагында болгондуктан, коңшу өлкөлөрдүн инженерлери, адистери да тартылат.

— Бишкек мэриясы баш тартты, а бирок Кыргызстандын башка аймактары алууга кызыкдарбы? Алганга мүмкүнчүлүгү жетеби?

— Жалал-Абад шаарынын мэри биздин автобустарды алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок быйыл аларда бюджет тартыш болду. Балким, кийинки жылы  келишим түзөрбүз… Ал эми Ош шаарынын мэри азыркы тапта биздин автобустарды сатып алуу боюнча өнүктүрүү банктары менен сүйлөшүп жатат. Эгерде мүмкүнчүлүк болуп калса, албетте, жакшы болот.

— Эгер Кыргызстан такыр албаса, анда сиздер кайсы жактарга эскпортко чыгасыздар?

— Автобустарды чыгарып жатканда бир гана Кыргызстандын рыногуна ыңгайлаштырган эмеспиз. Биз Казакстан, Орусия, Чыгыш Европага экспорттоого даярбыз. Бизге баштапкы колдоо керек. Алгач Кыргызстандын аймагынан буйрутма түшсө, бизге да жакшы мүмкүнчүлүк болмок.

— Маегиңиз үчүн чоң ырахмат!

P.S.: Автобус куроо менен алектенген «Белес KG» компаниясын жеке ишкер негиздеген. Президент Садыр Жапаров 15-февралда компаниянын иши менен таанышканы барып, жергиликтүү өндүрүштү колдоо максатында алгачкы 10 автобусту сатып алуу убадасын берген. Андан кийин Бишкек шаарынын мурдагы мэри Айбек Жунушалиев да «Белес KG» компаниясынан 10 автобус алып, колдоого даяр экенин Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында айткан.

Мэриянын автобус алуу саясаты: Ата мекендик өндүрүштөн баш тартты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM