Биз менен байланышыңыз

Мэриянын автобус алуу саясаты: Ата мекендик өндүрүштөн баш тартты

Саясат | 19 Апр 2022 | 963 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт комитети заманбап электробустарды алууга багытталган макулдашуунун долбоорун карады. Долбоордун алкагында Азия өнүктүрүү банкынын жөнөкөй капиталдык ресурстарынан 25 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген кредит жана атайын фонддун ресурстарынан 25,65 млн доллар өлчөмүндө грант алуу пландалууда. Депутаттар транспорт тармагындагы негизги көйгөйлөрдү атап, долбоорго тиешелүү сунуш-пикирлерди беришти. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында «2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну жана Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган финансы министринин орун басары Мэлс Аттокуров алынган кредитке борборго 120 даана энергия үнөмдөөчү электр автобустары, 3 жылдык керектелүүчү тетиктер жана эвакуатор кошо алынарын маалымдады.

«Бул 56 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен 25 млн доллары кредит катарында, 25 млн доллары грант катарында берилет. Ал эми 8,9 млн доллары өкмөттүн каржылоосу болуп саналат. Долбоордун кредиттик бөлүгү төмөнкү шартта берилет: 32 жылга, анын ичинен 24 жылы кредиттик мөөнөт болуп эсептелет, жеңилдетилген мезгил 8 жыл. Жалпысынан бул жеңилдетилген кредит категориясына кирет. Пайыздык чени жеңилдетилген 8 жылга 1%дык өлчөм менен, ал эми мөөнөтү аяктагандан кийин 1.5% менен төлөнөт».

Вице-мэр Бактыбек Абдиевдин берген маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Бишкекте 185 троллейбус жана 85 автобус бар, андан тышкары 1200-1500 микроавтобус жүрөт. Учурда борборго 1200 габариттик автобус жетишпейт. Вице-мэр шаардын экологиясына ылайык келген электробустарды алуу жана кредиттин төлөө мөөнөтү жөнүндө буларды айтты.

«Алынган кредитти декабрда жана июнь айларында эки транш менен төлөйт экенбиз. Ошентип 2053-жылга чейин кутулууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Автобустардын мүнөздөмөсүнө келсек, узундугу 11-12.5 метрлик, 28 орундуу болот, эксплуатациялык мөөнөтү 16 жыл. Ошондой эле 2013-жылы 79, 2018-жылы 52 троллейбус алынган. Алардын карызы 2025-жылы бүтөт, жылына ал үчүн 75 млн сомдон мэрия төлөп берип жатат».

Долбоорго ылайык, бардык электробустар майыптарга, карыларга, кичине балдарга да ыңгайлуу, универсал дизайнда, коопсуз болушу кажет, камера жана чакыруу кнопкаларын өзүнө камтуусу зарыл.

Талкуу маалында депутат Тазабек Икрамов долбоорду ишке ашырууга ата мекендик өндүрүшчүлөрдү тартуу зарыл экенин белгилеп, чет өлкөдөн унааларды алууда коррупциялык элементтер болуп келгенин сындады.

«Кандай болгон күндө да ата мекендик өндүрүштү колдоо керек. Булар өздөрү бузулган автобустарды 5-10 жылдан кийин деле оңдоп берүүгө кепилдик берип жатат. Буга чейинки мэрлердин автобустары таштандыда эле жатат. Аларга байланыштуу бир топ коррупция иштери ачылган. Бул жерде өзүбүздөн чыккан автобустарды алса, баары ачык-айкын көрүнүп турат деген түшүнүк болуп жатат. Кытайдан же башка өлкөдөн ала турган болсо, бул жерде сөзсүз коррупциялык иштер бар. Өзүбүздөн чыккан автобусту алсаңыздар, ар дайымкы ремонтун өздөрүнүн жоопкерчилигине алып жатышат. Сөзсүз түрдө эле башка жактан алып ортодон акча жеш керекпи? Мен түшүнбөй жатам».

Ага жооп катары Бишкек мэриясынын Транспорт департаментинин директору Максат Нусубалиев Кыргызстанда өндүрүлгөн автобустарды Бишкек мэриясы сатып албай турганын билдирди. Анын негизи себеби катары баасынын кымбаттыгын жана сапатына карата лицензиясынын азырынча жоктугун атады.

«Белес.kg» ишканасы менен сүйлөшүү болду, президент Садыр Жапаров көрүп келгенден кийин өзүбүз да бардык. Сапаты чынында жакшы экен. Ишкананын жетекчисинин айтымында, ошол автобусту чыгарууга 254 миң евро сарпталган экен. Бул баалар мэрия үчүн кымбат. Ишканадан кечээ эле расмий кат келди: «500 даанадан өйдө алсаңар, дүң баа менен 178 миң 500 евродон бергенге даярбыз, аткаруу мөөнөтү 12 ай», — деп жатышат. Бул да өтө эле кымбат. Мисалы, дүйнөлүк бренддердин баасы буга караганда бир топ төмөн. Экинчи бир маселе, ар бир товардын сапаты боюнча сертификаты болот, мына ошол сертификаттан азыр өтүп жатат, аны майдын ортолорунда алып келебиз деп айтышты».

Автобустарды кураштыруу менен алектенген «Белес.kg» компаниясы чыгара турган алгачкы 10 автобусту мамлекет сатып аларын быйыл 15-февралда компаниянын иши менен таанышканы барганда президент Садыр Жапаров билдирген. Андан кийин Бишкек шаарынын мурдагы мэри Айбек Жунушалиев да «Белес.kg» компаниясынан 10 автобус алып, колдоого даяр экендигин жарыялаган.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Бишкекке 250 автобус сатып алуу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан да 25 млн евро алмай болгон. Бул алына турган Кытай автобустары үчүн Кыргызстан 3 жылдан кийин Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жыл сайын 2.8 млн евродон кредит төлөй баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM