Биз менен байланышыңыз

Алимбаев саясатчыларды Баткен жөнүндө сүйлөбөй эле коюуга чакырды

Кыска кабар | 15 Июн 2022 | 949 | 0

Жогорку Кеңештин трибунасында Баткен тууралуу элди дүрбөлөңгө салган билдирүүлөрдү жасоо туура эмес. Мындай пикирин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Адикарим Алимбаев 15-июнда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Өзүңөр билгендей, Баткен былтыр апрель айында эле аябай оор абалды башынан өткөрдү. Ошондуктан биз азыр өсүү жолунда, тынчтык жолунда кетип жатканда бардык саясатчылар Баткен тууралуу сөз кылбай эле коюшса деп айтат элем. Бизге колдоо керек», — деди облус башчысы.

15-17-июнга чейин Баткен облусунда Кыргызстандын ЖМК өкүлдөрү үчүн пресс-тур өтүүдө. Иш-чараны президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы уюштурду.

Анда коомдук жайларды, өнөр жай ишканаларын кыдырып, облустун тургундары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушуу болот.

Ташиев Мадумаровду «маданиятсыз депутат» деп атады (видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM