Биз менен байланышыңыз

Ташиев Мадумаровду «маданиятсыз депутат» деп атады (видео)

Кыска кабар | 2 Июн 2022 | 4605 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттарды Жогорку Кеңештин трибунасынан негизсиз, далилсиз маалыматтарды айтпоого чакырды.

Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров бир канча жолу УКМК тууралуу жөнү жок, такталбаган маалыматтарды айтып жатканын билдирди.

«Эч кандай фактыларга таянбастан, өзүнүн жеке амбициясын калыбына келтирүүгө аракет кылган депутат Мадумаровго ачык эле айтып коюшум керек. Ушул аракеттериңизди токтотпосоңуз, биз да сиз жөнүндө контрабандалык жүктөрдү ташыган адамдарды кандай жаап-жашырып, үстүнөн «крыша» болуп жатканыңызды ачык айтабыз», — деди Ташиев.

Ошондой эле ал Мадумаровдун ким менен кайсы жерде эмне иш кылары боюнча маалымат бере турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM