Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк криптовалютаны төлөм катары колдонбоого чакырды

Кыска кабар | 15 Июн 2022 | 511 | 0

Кыргызстанда криптовалютаны төлөм катары колдонуу мыйзамсыз. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, өлкө аймагындагы жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты — улуттук валюта «сом» саналат. Ал эми «виртуалдык активдерди» төлөм каражаты катары колдонуу мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Буга байланыштуу жарандар криптовалютаны колдонуу кандай тобокелдиктерге алып келерин билүүсү зарыл.

Анын ичинде материалдык камсыздоо болбойт, ошондуктан криптовалюта боюнча эч ким жоопкерчилик албайт.

Криптовалюталардын реалдуу наркы жок. Алар кандайдыр бир валютага же башка бир активге байланган эмес, бул алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү болушун жана наркын жоготуп коюу тобокелдигинин жогору болушун шарттайт.

Криптовалюталар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө өзгөчөлүктөрүнөн келип чыккан тобокелдиктер бар жана анда көзөмөл борбор же орган жок.

Улуттук банк криптовалюталарды колдонуудан этият болууну жана андан баш тартууну сунуштайт.

Copyright © 2017 Maral FM