Биз менен байланышыңыз

Облус башчысы: Кыргыз-тажик чек ара чатагынан жабыркагандар жок (видео)

Кыска кабар | 14 Июн 2022 | 590 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн эртең менен болгон Баткен районундагы Булак-Башы тилкесиндеги атышууда кыргыз тараптан жабыркагандар жок. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча тажик тараптан жабыркагандар болгон.

Азыркы учурда атышуулар толугу менен токтоп, эки өлкөнүн күч түзүмдөрү жолугушууларды өткөрүүдө.

«Биз чыр-чатактын эмнеден чыкканын аныкташыбыз керек. Себеби, мындан 10 күн мурда, 3-июнда так ушул тилкеде ок атышуу болуп, Кыргызстандын да, Тажикстандын да экиден аскер кызматкери жабыр тарткан. Учурда жалпы чек арадагы абал тынч. Согди обулусунун губернатору менен дайыма сүйлөшүп, баарын көзөмөлгө алып турабыз», — деди ал.

Тажик чек арачылары кайрадан курал колдонду. Тиреш басаңдабай турат

Copyright © 2017 Maral FM