Биз менен байланышыңыз

Тажик чек арачылары кайрадан курал колдонду. Тиреш басаңдабай турат

Кыска кабар | 14 Июн 2022 | 632 | 0

Бүгүн, 14-июнда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу болду. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, таңкы саат 6:50-7:00 чамасында Баткен районундагы Булак-Башы тилкесиндеги Кыргызстан чек арачыларынын тозотуна Тажикстандын «Кех» постунан ок атылган. Аларга жооп иретинде кыргыз тарап да ок чыгарган.

Эки тараптын чек ара башчылары ыкчам чара көрүү максатында телефондон сүйлөшүп, окуя болгон жерге жөнөп кетишкен. Ага карабастан тажик чек арачылары саат 7:50дө гранатомёт, миномёттон аткылоосун уланта беришкен.

Атышуу саат 8:10до токтогон.

Ушул тапта тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, атышуулардын себептерин тактоо жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө иштери жүрүп жатат.

Саат 8:40ка алынган маалыматка караганда, эки тараптын тирешүүсү басаңдабай, кайрадан атыша кетүү коркунучунда турат. Чек ара кызматы кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык чараларды көрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM