Биз менен байланышыңыз

Саясатчы: Биз баарыбыз бийликке сөзүбүздү айтышыбыз керек

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Июн 2022 | 541 | 0

Бүгүнкү күндө укук коргоо органдары тарабынан, өзгөчө УКМК тарабынан кыргызстандыктарды басмырлоо, куугунтуктоо болуп көрбөгөндөй күч алды. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Эл аралык уюмдардын изилдөөсүнө ылайык, акыркы эки жылда Кыргызстандагы эркиндик көрсөткүчү сегиз пунктка начарлаганын эске салды.

«Адатта саясат мындай: биринчи саясатчыларды куугунтуктайт, андан кийин журналисттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн, ишкерлерди куугунтуктайт. Дүйнөнүн баарында эле ушундай процесс жүрөт. Азыр бул нерсе ишкерлерге келди. Андан кийин дагы башка жактарга түшөт. Ошондуктан менин айтарым, биз баарыбыз азыркы бийликке өз сөзүбүздү айтышыбыз керек: «Токтоткула, мунун аягы жаман бүтөт», — деп. Бул өлкөнүн экономикалык, социалдык турмушуна өз терс таасир тийгизет».

Кыргызстан акыркы 11 жылда кайрадан дүйнөдөгү авторитардык өлкөлөрдүн катарына киргенин кошумчалады саясатчы. Мурда эгер жарым-жартылай эркин өлкө болсок, эки жылдан бери авторитардык, адам укуктарын кескин түрдө бузган өлкөгө айландык.

Copyright © 2017 Maral FM