Биз менен байланышыңыз

«Билим берүүбүз Орусияга жумушчу даярдаган «машина» болуп калды»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Июн 2022 | 384 | 0

Билим берүү министрлигинин аткаминерлери реформага даяр эмес жана каалабай турат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин VI чакырылыштын депутаты Абдывахап Нурбаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал бүгүнкү күндө мамлекет аралашпаган туризм, тамак-аш жана такси кызматтары өнүгүү жолунда экенин баса белгиледи.

«Ушул үч тармакка мамлекет аралашпайт жана алар эң жакшы өнүгүп келе жатат. Ал эми билим берүү тармагындагы жагдай өкүнүчтүү болуп турат. Бизде азыр 10 окуучунун жетөө окуганын айтып бере албайт. Адам өнүктүрүү индекси 0,58 көрсөткүчтө турат. Билим берүү тармагыбыз Орусияга кар күрөй турган, жүк ташый турган, көчө шыпыра турган балдарды даярдаган «машина» болуп калды. 30 жылдык реформанын жыйынтыгы ушул болду».

Нурбаев Билим берүү жана илим министрлигине билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорун сунуштаган. Алар демилгени колдобой, чыныгы реформаларга даяр эместигин, аны жүргүзүүнү да каалабасын көрсөтүп коюшкан.

Copyright © 2017 Maral FM