Биз менен байланышыңыз

Быйыл курулушка миңден ашык квалификациялык сертификат берилди

Кыска кабар | 10 Июн 2022 | 218 | 0

Мамлекеттик курулуш агенттигинин жөнгө салуучу иш бөлүмү тарабынан 2022-жылдын 5 айында курулуш тармагынын адистери үчүн 1077  квалификациялык сертификат берилди.

Анын ичинен 437 адиске баштапкы жана 640 адиске мөөнөтсүз сертификат тапшырылган.

Бардык иштин түрлөрү боюнча 314 долбоорчу, 50 изилдөөчү, 260 инжиниринг кызматы боюнча адис, 28 курулуш материалдарын жана конструкцияларды өндүргөн адис, 425 курулуш-монтаждоочу адис тастыктама алган.

53 адиске компетентсиздикке байланыштуу сертификат берүүдөн баш тартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM