Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Ата районунун Интернационал айылындагы жаңы спорт комплексинин ачылышына катышты.
Спорт комплексинин курулушуна республикалык бюджеттен 26 млн сом бөлүнгөн. Эки кабаттуу имаратта 3 спорт зал, жуунуучу жана жеке буюмдарды сактоочу бөлмөлөр бар.
«Спорт – бул ден соолук. Билимдүү, сергек жашоо мүнөзүн күткөн жаштар — биздин келечегибиз. Заманбап талаптарга жооп берген бул спорт зал айыл тургундарына пайда алып келүүсүн каалайм. Спорт комплекси айыл тургундарынын спорт менен машыгып, ден соолуктарын чыңдоосуна жакшы шарттарды түзөт», — деди Акылбек Жапаров.
Өкмөт башчы мындан тышкары Интернационал жана Бозбармак айылдарындагы таза суу тутумунун курулуш иштери менен таанышты.