Биз менен байланышыңыз

«Гапар Айтиевдин жолу менен» аталышында сүрөт көргөзмө ачылды

Кыска кабар | 10 Июн 2022 | 264 | 0

Бүгүн, 10-июнда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргыз эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 110 жылдыгына арналган мугалимдердин жана окуучулардын сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы өттү.

Иш-чарага Маданият, маалымат ,спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директорунун орун басары Алмакан Найзабекова жана Ош шаардык Гапар Айтиев атындагы атайын орто көркөм сүрөт мектебинин мугалимдери жана окуучулары катышты.

Көргөзмө жыл сайын Гапар Айтиевдин элесине карата уюштурулуп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM