Биз менен байланышыңыз

11-июнда көпчүлүк аймакта өткүн өтөт

Кыска кабар | 10 Июн 2022 | 220 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 11-июнда Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Талас облусунун көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34,

Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +32…+34 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM