Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Окуучуларын уурулукка үйрөткөн мугалим кармалды

Кыска кабар | 10 Июн 2022 | 571 | 0

Ысык-Көлдө жогорку класстын окуучуларын мал уурулугуна аралаштырган дене тарбия мугалими кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

6-июнда Ак-Суу райондук милициясына Отрадное айылынын тургуну арыз жазган. Маалыматка караганда, ошол түнү болжол менен түнкү саат 3:00 чамасында белгисиз адамдар арыз ээсинин сарайына уурулукка кирген. Кочкорун көтөрүп бараткан адамдарды көргөн кожоюн кыйкырып жибергенде, алар малды таштай качышкан. Арыз ээси ага чейин да төрт коюн ууруга алдырып жибергенин айткан.

Арыз бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин «алдын ала макулдашкан топ тарабынан жасалган уурулук» беренеси менен катталып, иликтөө иштери башталган.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында уурулук жасагандар айылдын тургундары 18 жаштагы Д.С., 17 жаштагы Д.Э., Н.Т., К.Р., И.А., К.Р. экени такталып, колго түшүрүлгөн.

Уурулардын башчысы, кылмыштуу иштердин уюштуруучусу айылдык мектептин 25 жаштагы дене тарбия мугалими Б.Б. экени аныкталып, ал да кармалган.

Кылмышка шектүүлөр жыл башынан бери 15 кой, 3 жарым тонна буудай уурдашканын моюндарына алышкан. Уурулуктан тапкан мүлктү башкаларга сатып, акчасын бөлүшүп алып турушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM