Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынын себеби айтылды

Кыска кабар | 10 Июн 2022 | 1293 | 0

Ысык-Көл облусунун «Балыкчы – Ананьево – Каракол» унаа жолунда болгон кырсыктан көз жумган жарандардын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы кабарлады.

9-июнь күнү Кара-Буура районунун Бакыян айылынын 1989-жылы туулган тургуну К.А. «Фольксваген-Пассат» автоунаасы менен өзү туулган райондон Жети-Өгүз районунун Мундуз айылына келип, кайра түнү менен чарчаңкы абалда жолго чыккан.

«Балыкчы – Ананьево – Каракол» жолунда келаткан айдоочу Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылынын тушуна жеткенде, 10-июндун таңында, саат 5:40 чамаларында уйкуга алдырып жиберип, каршы тилкедеги Каракол шаарынын 1994-жылы туулган тургуну К. Э. айдап келе жаткан VOLVO FH-12 жүк ташуучу унаасынын астына кирип кеткен.

Кырсыктан «Фольксваген-Пассаттын» айдоочусу жана андагы жүргүнчүлөр: Кара-Буура районунун Ак-Башат айылынын 1964-жылы туулган тургуну А.К., Бакай-Ата районунун Биринчи Май айылынын 1974-жылы туулган тургуну С.М., ушул эле айылдын 1977-жылы туулган тургуну К.У. кырсык болгон жерде каза тапкан.

Кырсык Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, тиешелүү экспертиза дайындалган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы эскертет: Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Айдоочулар жана жүргүнчүлөр жол эрежелерин жана талаптарын билүүгө, аткарууга милдеттүү. Жолдогу тартип ар бирибизден башталарын унутпоо зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM