Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы: Мыйзам бузган мамлекеттик кызматкерлерди ачык жарыялайбыз

Кыска кабар | 10 Июн 2022 | 422 | 0

Бүгүн, 10-июнда Бишкекте мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргызстандагы адам укуктары боюнча Улуттук диалог өтүүдө.

Иш-чара Акыйкатчы институту тарабынан уюштурулуп, ага акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонниа Ожиело, Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы элчиси Эдуард Ауэр жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Атыр Абдрахматова акыркы учурда балдардын укуктары көп бузулуп, ага карата жетиштүү чара көрүлбөй жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал мындай окуялар адам укуктарынын сакталышына жарандардын арасында ишенбөөчүлүк жаратып келгенин айтты.

Мындан сырткары ал мындан ары мамлекеттик кызматкерлердин мыйзам бузуулары боюнча акыйкатчынын сайтына ачык жарыялана турганын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM