Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Токтогулдун калкы менен жолугушту

Кыска кабар | 8 Июн 2022 | 186 | 0

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул районунун тургундары менен жолугушту.

Жапаров курулушу башталып жаткан «Камбар-Ата-1» ГЭСи тууралуу айтып, 30 жылдан бери «Камбар-Ата-2» ГЭСинен башка көзгө көрүнөрлүк ГЭС курулбаганын белгиледи.

Акыркы 10 жылдан бери электроэнергияны колдонуучулардын саны эки эсе көбөйгөнүн, электр кубатын импорттоо да жогорулаганын билдирди.

«Кумтөр» кенин мамлекеттин пайдасына иштей баштаганын, андан түшкөн акчага ГЭС курула баштаганын айтты.

«Өзүбүз суунун башында турсак да Энергетика министрлиги 140 миллиард сомго чейин карызга батып кетти. Бир жарым жылдан бери бардыгын эсептеп, пландап чыгып анан чакан ГЭСтерди кура баштаганбыз. Азыр эми эң чоң долбоор — «Камбар-Ата -1» ГЭСинин курулушунун башталышына күбө болуп отурасыздар», — деди Жапаров.

Ошондой эле президенттин маалыматы боюнча, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда. Быйыл күзгө чейин бүтүп калса, эмдиги жылы бул жол да башталат. Ал да «Камбар-Ата-1», «Кумтөр» экөө бере турган кирешеден кем эмес киреше табат, 200 млн АКШ долларынан кем эмес киреше берет.

Садыр Жапаров тургундардын суроолоруна жооп берип, бир да маселе көңүл сыртында калбай турганына ишендирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM