Биз менен байланышыңыз

Президент: Суу башында туруп электр энергиясын импорттогон уят иш

Кыска кабар | 8 Июн 2022 | 685 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусундагы «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушунун башталышына катышты. Анда ал 30 жыл мурда Кыргызстан электр энергиясын экспорттоп келсе, бүгүнкү күндө импортоп келерин маалымдады.

«Суу башында туруп электроэнергияны импорттогон биз үчүн уят иш. Бул жагынан алганда биз Кудай берген ырыскыбызды – Кыргызстандагы электр кубатын өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү туура пайдаланып, элибизге туура жеткирүүгө милдеттүүбүз. Мына ошондуктан энергетика чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү Коопсуздук кеңешинин жыйындарына алып чыгып, суу-энергетика маселелери талдоого алынып келе жатат. Мамлекет жетекчилиги энергетикалык коопсуздукка жетишүүнүн стратегиялык маанисин эске алуу менен алдыга коюлган милдеттердин, тапшырмалардын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөөдө. Өзүңүздөр билесиздер, буга чейин бизде чакан жана ири гидроэлектростанцияларды куруу мүмкүнчүлүктөрү болуп турса дагы, андай мүмкүнчүлүктөргө маани берилбей, маани берилсе дагы туура нукта пайдаланылбай келген» , — деди ал.

Өлкө башчы кошумчалагандай, буга чейин чакан жана ири ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгү болгонуна карабастан ишке ашпай келген.

Учурда инфраструктуранын даярдалган бөлүгү бар (базалар, жолдор, карьерлер), 500 кВ «Датка-Кемин» аба электр чубалгысы жакын жайгашкандыктан, «Камбар-Ата-1» ГЭСи электр энергиясын бөлүштүрүү схемасы боюнча эң аз чыгымга ээ болот.

«Камбар-Ата-1 ГЭС куруу» долбоору Камбарата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат, ал бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана  орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, коп жылдык энергия иштеп чыгуусу  5,6 млрд кВт/саатты тузгон, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³  суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү — туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жыл.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымдагандай, 2 жыл аралыгында жаңы жолдорду, көпүрөлөрдү, имараттарды салуу жана эскилерин калыбына келтирүү, ошондой эле жумушчулар үчүн башка тийиштүү инфраструктураларды түзүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM