Биз менен байланышыңыз

Талиева: Зөөкүрлөрдүн заманы болуп бара жатат

Кыска кабар | 8 Июн 2022 | 486 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда депутат Камила Талиева акыркы 2-3 күндөн бери өлкөдө болгон чуулгандуу окуялар катталып жатканын белгилеп, кайгыруусун жашырган жок.

Ал өзгөчө «Ала-Тоо» аквапаркындагы бассейнге чөгүп кеткен бала менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин катардагы аскерин сабаган прапорщик боюнча окуяларга көңүл кош мамиле жасалып жатканын, бул окуялар аркылуу Өкмөттүн кантип иштегенине баа берүүгө боло турганын белгиледи.

Талиеванын айтымында, бүгүнкү күндө сабалган аскердин абалы оор, бир туугандары чындык издеп барбаган эшиги калбаган.

ӨКМдин аскерин сабоого шектелген прапорщик камакка алынды

«»Сындайсыңар» деп таарынышат. Билим берүү министтрлигиндеги алешемдиктен, 3-класстын окуучулары ошол жерге барып отурат. Окуучулар ата-энесинин коштоосунда барып, коопсуздугу каралышы керек эле. Энеси эки саат баланы кучактап отурганын, баары баланы таштап кетип калганын айтып ыйлап жатат. Бул эмне деген жоопкерсиздик. Ушул эки маселени тыкыр көзөмөлгө алгыла. Бул жерде зөөкүрлөрдүн заманы болуп бара жатат», — деди ал.

Ошондой эле ал эртең «Акыркы коңгуроо» салтанатында окуучулар кырсыкка кабылбайт деп ким кепилдик берет? деген суроо салды.

«Ала-Тоо» аквапаркындагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM