Биз менен байланышыңыз

ӨКМдин аскерин сабоого шектелген прапорщик камакка алынды

Кыска кабар | 8 Июн 2022 | 300 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин катардагы аскерин сабоого шектелген прапорщик камакка алынды. Бул тууралуу министрдин орун басары Урматбек Шамырканов маалымат берди.

Окуя ӨКМге караштуу №86123 аскер бөлүгүндө болгон.

Шамыркановдун айтымында, катардагы аскер Эсенбеков Бекзат фельдшердин текшерүүсүнөн өткөндө буттары шишип калганы байкалгандыктан, атайын түшүнүк кат алышып, андан соң Беловодск шаарындагы атайын поликлиникага алып барышкан. Тиешелүү адистер жоктугуна байланыштуу ал жактан Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталга жөнөтүлгөн. Жалпы текшерүүдө пневмония деген диагноз коюп, №4 Тез жардам ооруканасына жаткырылган. Кайрадан текшерүү жүргүзүлгөндө гана табарсыгынан жаракат алганы аныкталган. Операция жасалардын алдында гана аскер Эсенбеков Бекзат туугандарына прапорщик Жаныбек уулу Төрөбай нарядда турганда табарсыкка тээп жибергенин айткан.

Айтылган маселе боюнча Бекзаттын атасы Эсенбек Смаилов арыз жазып, анын негизинде Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгү менен иш козгоп, Төрөбай уулу Жаныбек камакка алынган.

Бул ишти Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өз көзөмөлүнө алганы, окуяга байланыштуу бардык бөлүктүн командирлери, тиешелүү жетекчилер тергөө бүткөнчө кызматынан четтетилгени айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM