Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 3-июнь күнү Баткен облусуна барды.
Алгач Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев менен биргеликте Баткен облустук биргелешкен ооруканасына барып, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде болгон окуядан жабыркаган 2 аскер кызматкеринин абалынан кабар алды.
Ошондой эле чек ара тилкесинде катталган окуя жана акыркы кырдаал боюнча маалымат берди.