Биз менен байланышыңыз

Боор алмаштыруу операциясына көмөктөшкөн түрк дарыгерлери сыйланды

Кыска кабар | 12 Июн 2024 | 551 | 0

Кыргызстандык бейтаптарга боор трансплантациясын жасоо үчүн келген Түркиянын Инөнү универстетинин делегациясынын курамындагы дарыгерлерге Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери» төш белгисин тапшырды.

Ошондой эле бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстанда алгачкы ирет ишке ашырылган боор алмаштыруу операциясын жасаган жергиликтүү жана түркиялык дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, Инөнү университетинин Тургут Өзал атындагы медициналык борборунун Боорду трансплантациялоо институтунун башкы директору Сезай Йылмазга, башкы дарыгери Адил Башкыранга жана “Кыргыз Эл Биримдик” коомунун аткаруучу төрагасы Аманбай Өмүрзаковго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Кыргызстанда акысыз боор алмаштыруу операциялары 10-июнда жасала баштады. Операцияларды жасоо үчүн Түркиядан Инөнү университетинин (Малатия) ректору, профессор, академик Ахмет Кызылай баштаган университеттин клиникасынын трансплантологдор тобу келген. Операциялар президенттик фонддон каржыланып, бардык муктаж болгондор үчүн жеткиликтүү болот.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев операциялар ийгиликтүү болуп жатканын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM