Биз менен байланышыңыз

Бала бакчалардагы тамак-ашты ата-энелер гана каржылайт

Кыска кабар | 20 Июн 2024 | 242 | 0

Президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун каршы пикир менен кайтарды.

Ага ылайык, бала бакчаларда балдардын тамагын толугу менен ата-энелер же баланын мыйзамдуу өкүлү төлөйт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 19-июндагы жыйынында финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев билдирди.

Анын айтымында, былтыр балдар бакчаларындагы тамак үчүн мамлекеттик бюджеттен 800 млн сом бөлүнгөн. Эми мамлекет балдардын тамагына акча төлөбөйт. Үнөмдөлгөн акчага жаңы бала бакчалар курулат.

2023-жылдын 11-августунда “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган. Анда 28-берененин 6-бөлүгү мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактануу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленген.

Буга байланыштуу Каржы министрлиги мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну каржылоону токтотмок.

Бирок Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жергиликтүү бийликти да балдар мекемелериндеги тамак-ашты төлөөгө милдеттендирген мыйзам долбоорун сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM