Биз менен байланышыңыз

Сауд Арабияда ажылык учурунда каза болгондордун саны 900дөн ашканы кабарланды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июн 2024 | 996 | 0
Сүрөт: Rafiq Maqbool / AP

Сауд Арабияда ажылык учурунда каза болгондордун саны 900дөн ашты. Times of India басылмасы алардын 600дөн ашыгы египеттиктер экенин билдирди.

Ал эми Франс пресс агенттигинин маалыматына караганда, каза болгондордун жалпы саны 922 адамга жетти. Көз жумгандардын арасында 68 Индия жараны бар экени айтылууда.

Маалыматтарга караганда, Сауд Арабияда ажылык учурунда каза болгон жакындарын издеп жатышат. Күндүн табы Меккеде 51,8 градус ысык болуп жатканы кабарланды.

Бул адамдардын көбү катуу ысыктан каза болгонун жакындары социалдык тармактарда кабарлашты. Сауд Арабиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, өтө жогорку температурада зыяратчылар арасында адаттан тыш өлүм учурлары аныктала элек.

Жыл сайын өтүүчү ажылык сапары быйыл 14-июнда башталып, 19-июнда аяктады. Сауд Арабиянын статистика департаментинин маалыматы боюнча, ажылыкка 1,8 миллион зыяратчы катышууда.

Быйыл Сауд Араб Падышачылыгы ажылык үчүн Кыргызстанга 6060 квота берген. Кыргызстандан зыяратчылар 31-майда учуп кетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM