Connect with us

Рубль сомго карата кымбаттады. 20-июнга карата расмий курс

Кыска кабар | 19 Июн 2024 | 2022 | 0

Улуттук банк эртең, 20-июнга карата чет элдик валюталардын сомго карата курсун жарыялады. Банктын сайтында көрсөтүлгөндөй, орус рублинин курсу дароо 3,76%га жогорулап, 1,0268 сом деп белгиленди.

Коммерциялык банктарда орточо курс 1,05 сомду түздү.

19-июнда бир орус рублинин расмий курсу 0,9896 сом деп белгиленген эле.

Copyright © 2017 Maral FM