Биз менен байланышыңыз

Баткенде сабалган эки жашар кыздын абалы оор бойдон калууда

Коом | 12 Июн 2024 | 313 | 0

Баткенде эки жаштагы кыз денесинен жараат алып, 7-июнь күнү облустук биргелешкен оорукананын сыныктар бөлүмүнө түшкөн. Бул факты Баткен райондук милициясы тарабынан катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган. Милицияга наристенин таенеси кайрылган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, наристе ооруканага түшкөндөн бери комада жатат. Жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. Абалы өтө оор деп бааланууда. Наристени сабоого шек саналып өгөй атасы кармалды. 

Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбеков билдиргендей, наристенин абалы оор бойдон калууда. Ал денесинин бир канча жеринен жаракат алган. Бүгүнкү күндө дарыгерлер сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.

«Баткен облустук биргелешкен ооруканасына 2024-жылдын 7-июнунда өтө оор абалда 2022-жылкы кызды алып келишкен. Мээнин чайкалышы, өмүрүнө коркунуч туудурган жаракаттарды алган. Келгенде эле бейтапка биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн, азыр жандандыруу бөлүмүндө. Жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. Абалы оор бойдон калууда. Милиция кызматкерлерине маалымат бергенбиз. Ошондой эле медицина кызматкерлери бүгүнкү күндө кыздын абалы боюнча толук кандуу медициналык жардам көрсөтүп жатышат. Милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Денесинде көк ала тактар бар».

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматкери Дамира Юсупова милицияга наристенин таенеси кайрылганын маалымдады. Ошол эле учурда 2 жашар кыздын ооруканага түшкөн фактысы боюнча жаңы жагдайлар билинип, өгөй атасы азыркы учурда кармалды. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

«Баткендеги 2 жашар кыздын ооруканага түшкөн фактысы боюнча жаңы жагдайлар билинип, өгөй атасы азыркы учурда кармалды. Баткенде 2 жаштагы кыз денесинен жараат алып, 2024-жылдын 7-июнь күнү Баткен облусттук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түшкөн. Бул факт ошол эле күнү Баткен райондук ички-иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына кокустук катары катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган. Бул окуя жаш наристеге байланыштуу болгондуктан Баткен облусттук ички иштер башкармалыгынан ыкчам тергөө тобу түзүлүп, окуяны тыкыр иликтеп, бул жагдай боюнча жыйналган материалда Кыргыз Республикаснынын кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинде көрсөтүлгөн, уруп, сабап, кыйноо кылмыш белгилери бар болгондуктан, кылмыш иши козголду. Аталган кылмыш иши боюнча кыздын таенеси арыз менен кайрылган. Аталган кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө Баткен районунун Бужум айылынын 40 жаштагы Ж.Т аттуу тургуну шектүү катары суракка алынып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97 беренесинин негизинде убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат».

Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук биринчи жолу катталып жаткан жок. Буга байланыштуу катаал чара көрүү маселеси улам көтөрүлүп келет.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова балдарга карата зордуктоо жана өлтүрүү фактыларына жазанын эң катаал түрүн киргизүүнү сунуштаган.

Ал Ош облусунун Кара-Суу районунда беш жашар кыздын үйүнөн уурдалып, зордукталганын мисал келтирип, аялдар, жаш келиндер арасында өз жанын кыйган учурлар да көбөйүп жатканын айткан.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, өткөн жылы үй-бүлө зомбулугуна байланыштуу 37 мамлекеттик кызматкерге чара көрүлгөн.

«Балдар укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекова бүгүнкү күндө өлкөдө балдардын укугу жетиштүү деңгээлде корголбой жатканын айтып, балдарга карата зомбулуктун алдын алуу үчүн жер-жерлерде атайын социалдык кызматкерлердин ишин уюштуруу керектигин сунуштады.

«Бүгүнкү күнү Кыргызстанда наристе, балдардын укуктарынын тебелениши көйгөйлүү маселе болуп жатат. Алар алсыз болгону үчүн эч кимге арыздана алышпайт. Ошон үчүн жергиликтүү бийликтин деңгээлинде атайын кичинекей балдардын укугун коргой турган, бала ким менен жашап жатканын изилдей турган, жашоо шартына баа берген социалдык кызматкерлер жана социалдык кызматтар керек. Бирок азыркы учурда мындай кызматтар болбой турат. Мындай кызматтар болмоюнча балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу кыйын болот».

Ал эми укук коргоочу Эржан Кайыпов балдардын укугун коргоого багытталган мыйзамдар жазылып келгени менен майнап жок экенин сындайт. Ал мамлекет мындай учурда тиешелүү деңгээлде көңүл бурушу керектигин белгиледи. Балдарга карата зомбулуктун алдын алуу үчүн салттуу баалуулуктар аркылуу чечсе болорун сунуштады.

«Балдардын укугуна байланыштуу бизде балдардын укугун сактоодо, коопсуздугун камсыз кылууда көйгөйлөр көп кездешет. Балдардын укугун коргоого багытталган мыйзамдар көп эле жазылып жатат. Мисалы конституцияда балдардын кызыкчылыгы биринчи орунда турат. Бардык талаш тартыш маселелер балдардын кызыкчылыгына чечилүүгө тийип. Максаттуу бир багытта иш алып барышы керек. Мамлекет кылмыш жасалгандан кийин катуу реакция кылыш керек. Ошол эле учурда бул көйгөйдү баалуулуктарга негизделген жолдор менен чечсе болот».

Акыйкатчы институтунун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Умида Абылгазиева аталган мекеме Баткендеги 2 жашар кыздын ишин көзөмөлүнө алганын билдирди.

Институттун Баткен облусундагы өкүлчүлүгү ооруканага барып, наристеден кабар алышты. Ошондой эл ал наристенин апасы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, укуктук кеңештер берилди.

«Мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ченемдик укуктук актыларына, эл аралык конвенцияларга жана башкаларга ылайык бардык зарыл иштер жүргүзүлүүдө. Бирок, практика көрсөткөндөй, жасаган аракеттер жетишсиз экенин көрсөтүп турат. Акыйкатчы өзүнүн жылдык баяндамаларында балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу боюнча чараларды ар дайым сунуштап келе жатат. анын ичинде Зордук-зомбулукка жана жашы жете элек балдардын укуктарынын бузулушуна тиешелүү бардык нерсе Акыйкатчынын көзөмөлүндө турат. Массалык маалымат каражаттарында, 2024-жылдын 7-июнунда Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 2022-ж.т, 2 жаштагы наристе ур-токмоктун айынан жаракат алып келгендиги тууралуу жарыяланган маалымат тарары менен Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан иш өз көзөмөлүнө алынды.

Акыйкатчы Институтунун Баткен өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери ыкчам түрдө наристе түшкөн ооруканага барышты. Жеринде наристенин өгөй атасы болгон жана наристенин өз апасына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, укуктук кеңештер берилген. Кызматкерлер тарабынан такталган маалыматтын негизинде, наристеде майыптык белгилери бар экендиги билинди жана кызга майыптык топ ыйгарылбай, ушул күнгө чейин наристе каттого да алынган эмес. Азыркы учурда 2 жаштагы наристенин жарат алган себептерин, окуянын чоо жайын аныктоо максатында Акыйкатчы жөнүндөгү мыйзамга ылайык Баткен облустук ички иштер башкармалыгына расмий кат жөнөтүлдү. Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, баардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалгандыгы бизге маалым». 

Расмий маалыматтарга ылайык, быйыл январь-апрель айларында Кыргызстанда балдарга каршы 52 зордук-зомбулук фактысы катталган.

Акыйкатчы институту 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31 пайызга кыскартылып, 32 пайызы гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37 пайызы создуктурулуп, өндүрүштө калган.

Copyright © 2017 Maral FM