Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 12-июнда чагылгандын соккусунан бир адам каза тапты

Кыска кабар | 13 Июн 2024 | 289 | 0

Бишкекте 12-июнда жаан алдында түшкөн чагылгандан Ак-Кула ат майданында саяпкер кайтыш болду. Окуя кечке жуук  саат 18:30 чамасында катталган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул факт Ленин РИИБнин маалыматты каттоо журналына катталып, тиешелүү экспертизаларды дайындоо жана күбөлөрдү суракка алуу менен тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Бүгүнкү күндө ат майданынын аймагындагы ат сарайлардын баары менчиктештирилип кеткен, бирок айрым ат сарайларды жеке адамдар пайдаланып жатышат.

Муниципалитет тарабынан ипподромдун аймагын пайдаланбоо боюнча бир нече жолу талаптар коюлганына карабастан, жеке адамдар өзүм билемдик менен аттарды үйрөтүп, машыктырып келишет.

Учурда иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

Copyright © 2017 Maral FM