Биз менен байланышыңыз

УКМК Караколдо Кытайдан келген 13 адам кармалганын кабарлады (видео)

Кыска кабар | 13 Июн 2024 | 451 | 0

Ысык-Көл облусунда киберкылмыштуулук жана кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген эл аралык трансулуттук кылмыштуу топтун мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

«Аталган топко Кытайдын 13 жараны кирип, алар атайын иштелип чыккан программалар аркылуу киреше алуу максатында, электрондук маалыматтарга уруксатсыз кирүү жана киберкылмыштардын изин кылдаттык менен жашыруу аркылуу, эл аралык финансылык операцияларды жүргүзүшкөн. Алдамчылык аракеттер Кытайда, Гонконгдо жана Малайзияда жашаган кытай жарандарынын арасынан потенциалдуу жабырлануучуларды  «этап-этабы менен» иштеп чыгуу жолу аркылуу  жасалган» , — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө персоналдык компьютерлер, мобилдик аппараттар (50 бирдиктен ашык), кытай банктарынын ар кандай карталары (50 бирдиктен ашык), жергиликтүү мобилдик операторлордун сим-карталары алынды.

Аларды изилдөөдө алдоо жолу менен башка бирөөнүн активдерине ээ болуу максатында потенциалдуу курмандыктар менен байланышты түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган аракеттердин кадамдык алгоритми менен психологиялык жактан иштетиле турган адамдардын тизмеси, нускамалар аныкталган.

Кармалган чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагына турист катары келишип, бирок иш жүзүндө миграциялык мыйзамдарды бузуу менен мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзүшкөн.

Бул факты боюнча Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине маалымат берилди. Кармалган кытай жарандары жана буюм далилдери тиешелүү иш-чараларды уюштуруу үчүн расмий түрдө Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM