Биз менен байланышыңыз

«Уран болгон эмес». Акылбек Жапаров Миң-Кушта төгүлгөн калдык боюнча айтты

Кыска кабар | 13 Июн 2024 | 251 | 0
Жогорку Кеңештин 13-июндагы жыйыны

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин 13-июндагы жыйынында Миң-Куштагы радиациялык абал тууралуу айтты.

Депутат Исхак Масалиев жүк ташыган унаадан төгүлгөн калдык чынында уран же эмес экенин тактап сурады.

«Ал жерде уран төгүлдү деген туура эмес маалымат. Кайра иштетилген калдыктарды бир орундан коопсуз жайга ташып жатат, ал жерде кооптуу эч нерсе жок. Айылдын үстүндө турат, аны коопсуз жакка чыгарыш керек. Комиссия иштеп жатат, жыйынтыгы боюнча маалымат берилет. Бирок ал жерде жашап жаткандарга да ылдый жакта суу сугарып жаткан дыйкандарга да коркунуч жок деген тыянакка келгенбиз» , — деди Акылбек Жапаров.

Жапаров Жогорку Кеңеште табигый радиациялык фон Миң-Кушка караганда жогору экенин кошумчалады.

Депутат Масалиев эгер төгүлгөн калдыктар уран эмес болсо, коомчулукка так маалымат берүү керектигин айтты.

1-июнда Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы “ЭРН-Строй” ЖЧКсынын жүк ташуучу унаасы көпүрөдөн кулаган. Буга байланыштуу, авариянын себептерин иликтөө боюнча комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын курамына Экологиялык техникалык, көзөмөл кызматы, тоо-кен металлургия профсоюзу, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин радиациалык коопсуздук бөлүмү кирген.

Комиссиянын мүчөлөрү жеринен радиациялык фонду өлчөп, абал туруктуу экенин аныкташкан, кооптонууга себеп жок экени айтылды. Андан тышкары, суунун-жердин үлгүлөрү изилдөөгө алынды, жыйынтыгы он беш күн ичинде чыгарылары маалымдалган.

Миң-Куш айылында «Туюк-Суу» уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген оор жүк ташыган унаа кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөнү 3-июнь күнү белгилүү болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган. Жүк ташуучу унаа “Росатомдуку” экени кабарланган.

Жогорку Кеӊеш бүгүн «Уран жана торийди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоорун карады.

Copyright © 2017 Maral FM