Биз менен байланышыңыз

Парламент уран казууга уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду

Кыска кабар | 13 Июн 2024 | 151 | 0

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун карап, кабыл алды.

Мыйзам долбооруна экинчи жана үчүнчү окууда 70 депутат “макул”, сегиз депутат “каршы” добуш берди.

Жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мыйзам долбоору уран жана торий кендерин эмес, титаномагнетит кендерин иштетүүгө багытталганын белгиледи.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев буга чейинки жыйындарда айткандай,  уранды иштетүүгө салынган тыюу башка сейрек кездешүүчү металлдарды камтыган 83 кенди изилдеп, иштетүүгө жолтоо болууда. Министр аларды иштетүү өз кезегинде экономиканы жакшыртууга салым кошорун билдирет.

Мелис Тургунбаев документ кабыл алынса, Кызыл-Омпол кени иштетилерин, бул экономиканын өнүгүшүнө салым кошорун айткан.

Ошондой эле ал уранды иштетүү экологияга, калктын ден соолугуна зыянын тийгизбей турганын, аны иштетүү үчүн алдыңкы үлгүдөгү технологиялар алынарын билдирген.

Кыргызстан боюнча эки кен казуу жайы мамлекеттик баланска кирген. Алардын бири Таш-Булак кенинде 3,5 миң тонна уран, 10 миң тоннадай торийдин көлөмү бар.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл январда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM