Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши: Айыпталуучулардын жакындары соттун алдына чогулду

Кыска кабар | 13 Июн 2024 | 239 | 0

Бүгүн, 13-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган саясатчы, активисттердин соттук отуруму уланууда.

Сот имаратынын алдына айыпталуучулардын жакындары топтолуп, соттон акыйкат чечим чыгарууну талап кылышууда.

Бүгүнкү отурумда айыпталуучулардын акыркы сөзүн угуу улантылып жатат.

Буга чейин прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарды ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Саясатчы, активист жана блогерлер 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Аларга Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө 28 адамдын 8и тергөө абагында отурат, калганы үй камагына чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM