Биз менен байланышыңыз

Чек арада жарадар болгон аскерлердин абалы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 3 Июн 2022 | 582 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуянын натыйжасында жарадар болгон аскерлер Баткен облустук бириккен ооруканасында.

Жарадар болгон аскер кызматкеринин бири С.у Б., 2001-жылы туулган. Анын  баш мээси чайкалып, омурткасы жабыркаган. Абалы орточо оор.

Экинчиси Ж.З., 20 жашта. Башынан, сол ийини, моюн аймагынан жаракат алган, абалы өтө оор деп бааланууда, бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратта.

Жабыркагандарга бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө. Бишкектен Баткен облусуна учуп кетүүчү дарыгерлер тобу түзүлүп, практикалык жардам көрсөтүүдө. Реаниматологдор, кан тамыр хирургдары, жалпы хирургдар, нейрохирургдар жана бир торакалдык хирург жөнөтүлөт, жалпы он адис барат.

3-июнда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган жаңжал чыкты. УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын чек арачылары Баткен облусунун Булак-Башы аймагында кызмат өтөп жатканда Тажикстандын чек арачылары шарттуу тилкени мыйзамсыз кесип өткөн.

Тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча талапка көңүл бурбай, Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ок чыгарган.

Эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда атышуу болуп, тажик тарап миномётторду колдонгону айтылган.

Учурда жеринде тараптардын сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM