Биз менен байланышыңыз

Вакцина алуудагы коррупция боюнча дагы үч адам кармалды

Кыска кабар | 3 Июн 2022 | 771 | 0

Коронавируска каршы вакцина алуудагы коррупция боюнча саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевден тышкары министрликтен дагы үч адам камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

«Коррупция» беренеси менен козголгон иштин жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору Султан Сатарбеков да шектүү деп табылган.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды да иликтөө жүрүп жатканы айтылды.

Айта кетсек, кечээ, 2-июнда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «коррупция» беренесине шектелип кармалган. Ага андан тышкары да жети кылмыш боюнча айып коюлуп жатканы маалым болду.

Алымкадыр Бейшеналиевге жети кылмыш боюнча иш козголду (тизме)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM