Биз менен байланышыңыз

Алымкадыр Бейшеналиевге жети кылмыш боюнча иш козголду (тизме)

Кыска кабар | 3 Июн 2022 | 1056 | 0

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге 7 кылмыш боюнча иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Айыптардын бирөө «коррупция», экөө «опузалап пара алуу», төртөө «кызмат абалынан кыянат пайдалануу», бирөө «атайылап пайдасыз келишим түзүү» боюнча коюлган.

Учурда министр сурак берип жатканы, тергөөнүн жүрүшүндө кошумча маалыматтар айтылып турары маалымдалды.

Белгилей кетсек, саламаттыкты сактоо министри кечээ, 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалып, тергөө абагына жеткирилген.

Башкы прокуратура Бейшеналиев эмнеге кармалганын түшүндүрдү (сүрөт)

Copyright © 2017 Maral FM