Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура Бейшеналиев эмнеге кармалганын түшүндүрдү (сүрөт)

Кыска кабар | 2 Июн 2022 | 14092 | 2

Башкы прокуратура саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин камалышы боюнча маалымат таратты.

Маалым болгондой, министр айрым кызмат адамдары менен биргеликте бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз адалдоо ыкмасын уюштурган.

2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин өлкөгө эл аралык уюмдардан, чет өлкөлөрдөн коронавируска каршы 451 миң 560 доза вакцина келген. Андан тышкары мамлекет башчысы Кытай жана Орусиянын президенттери менен кошумча 6 млн дозадан ашуун вакцинаны бекер алуу боюнча сүйлөшкөн. Бирок буга карабастан, министр Бейшеналиевдин жеке буйругу аркылуу 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөнүн менчик компанияларынан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго 2 млн 460 миң доза вакцина сатылып алынган. Анын акчалары оффшордук аймакка которулганы тастыкталган.

Натыйжада гуманитардык жардам иретинде келген 3 млн 147 миң 640 доза вакцина турса да, кызмат адамдары пайда табуу максатында ашыкча 2 млн 460 миң доза вакцина сатып алышкан. Мунун кесепетинен 243 миң 223 доза вакцинанын мөөнөтү өтүп кетип, керектен чыгып калган. Мындан өлкө казынасы 1 млрд 581 млн 474 миң 315 сом өлчөмүндө зыянга учураган.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен иш козгоп, тергөө жүргүзүүдө.

Алымкадыр Бейшеналиев баштаган кызмат адамдарына андан тышкары да 5 коррупциялык иш козголгону айтылды.

2 пикир

2 пикир

  1. Темирлан

    02.06.2022 19:27

    Байкуш министр ортодо чайналган тура, вакцинаны эле эл тимеле сүйүнүп тосуп алып, сайдырып жатат дейсиңерби? Чет өлкөгө чыкканга айла жок эле салдырып атышат, анан өздөрү барып өз каалоосу менен албай жатышса, срогу өтөт да. Же милдеттүү түрдө алдырайын деген ой бар беле?

  2. Темирлан

    02.06.2022 19:28

    Көзүн жаппай эле койсоңор деле болмок беле? Таанымал эле адам го дегеним.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM