Биз менен байланышыңыз

Окуучу мугалимге орой мамиле жасаса, ата-энесине айып салуу сунушталды

Билим-маданият , Коом | 30 мая 2022 | 6346 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда мугалимдерге орой мамиле жасагандарга жоопкерчилик киргизүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Самыйкожо, Аманкан Кенжебаев, Улан Бакасов демилгеледи.

30-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Демилгечилердин бири депутат Мирлан Самыйкожонун айтымында, документте балдардын ата-энелеринин жоопкерчилиги каралган.

— Эгер мугалим мөмөлүү дарак болсо, анын жемиштери – окуучулар. «Өзүнүн бутагын жеген, кабыгын сыйрыган, тамырына доо кетирген мөмөлөрдү бышырып жатабызбы?» деген ой келет. Ошол себептен бул мыйзам учурда зарыл деп эсептейбиз. Азыр балдар мугалимдерди шылдыңдап, кордоп, кол көтөргөнгө чейин барып жатышат. Бул коомдо чоң талкуу жаратууда. Биз балдардын ата-энелерине же алар үчүн жоопкерчилик алган адамдарга чара көрүлсүн деп жатабыз.

Эгер мыйзам кабыл алынса, окуучулар мугалимге чектен тыш мамиле жасаган учурда алардын ата-энелери 3 миң сом айып төлөйт. Бул жосунсуз жорук бир жыл ичинде кайра кайталанса, 5 миң сом айып салынат же 3-5 жылга камакка алынат.

Мектептеги агрессия: Мугалим менен окуучу диалогго муктаж

Талкуу маалында Аида Исатбек кызы мыйзам долбоорунун актуалдуу экенин белгилеп, мугалимдин укугу тебеленип калган учурлар көптүгүн айтты. Ошол эле учурда долбоор боюнча Министрлер кабинетинин жана Жогорку Кеңештин тиешелүү экспертизалык бөлүмдөрүнүн корутундуларын да эске алууну сунуштады.

Ал эми депутат Ырысбек Атажанов айып пулду кайра карап чыгып, өлчөмүн көбөйтүү сунушун берди. Билим берүү мугалимдин мойнунда болсо, балага тарбия берүү маселеси ата-эненин милдети экенин унутпоого чакырды.

— Коомдо болуп жаткан окуяларды көрүп жатабыз, негизи тартип бузган окуучулар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары эмес, колунда бар соодагерлердин балдары. Ошол себептен айыптын өлчөмүн көбөйтсө болот.

Мирлан Самыйкожо айрым үй-бүлөлөр үчүн эки миң сом да чоң акча экенин айтып, тартип бузгандардын көбү эле бардар бүлөдөн чыгарын четке какты. Алар ата-эне мээримин көрбөй калгандыктан ызасын мугалимден чыгаргандар деген пикирин билдирди.

Окуучунун ата-энесине айып салуу чаралары Жалал-Абаддын Сузак районунда 23-майда болгон окуядан кийин сунушталып жатат. Ал күнү окуучу менен мугалимдин ортосунда жаңжал чыгып, мугалим окуучуга кол көтөргөн.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кандай болгон учурда да мугалим окуучуга кол көтөрбөшү керек деген позициясын билдирген.

Тарбия маселелери боюнча адис Асылбек Жооданбековдун пикирине кезек берели:

— Мугалим окуучу менен өтө компетентсиз түрдө кайым айтышып, анан экинчи этапта башка-көзгө койгулап жатпайбы. Бул жерде мугалимдин окуучуну сабаганы кесибине татыксыздык жана кылмыш болот. Мугалимдин беш баласы бар экен, бул окуучу менен эле эмес, балдары менен да калат. Ал жардамга муктаж деп айтат элем. Мага көбү айтып жатат, мугалимди коргойлу деп. Депутаттар да пикир жазып жатат, «бизди мугалимдер андан да катуу сабашкан» деп. Биз зордук-зомбулукту улам жаңы муунга өткөрүп беришибиз керекпи? 

Мындан тышкары атайын аскердик бөлүктө бир аскердин сабалганы тууралуу видео тарады. Ошол аскерди кабыл алуу үчүн жыгылып калганча сабап жатат. Бул анын бекем болушу үчүн экен. Эми ошол аскер үй-бүлөсүнө кандай мамиле жасайт? Зомбулукту норма катары кабыл алып калдык. Ошондуктан мен кыргыз коому оорулуу болуп калдык деп айтат элем

Мугалимдин окуучуга кол көтөргөнү боюнча соңку окуядан кийин мектептерде психологдор үчүн атайын штаттык бирдик ачуу сунуштары да айтылды. Депутат Камила Талиева ар бир окуу классына видеокамераларды орнотууну туура көрөт.

— Билим берүү тармагына тиешелүү мыйзамдарда мугалимдин жоопкерчилиги каралып, ата-эненин жоопкерчилиги каралбай калган. Ата-энелер каалаган убакта кирип келип, мугалимдерге басым жасай албайт. Сузак мектебиндеги абал ар бир мектепте болот. Болгону көп ачыкка чыкпай калат. Азыр ата-энелерге жагуу кыйын. Бирок албетте, мугалимдер да күнөөлүү, көбү сабактарын кызыктуу, сапаттуу өтө алышпайт. Кээ бир мугалимдер сыртка чыгып кетип,  телефон менен сүйлөшүп, 45 мүнөтүн текке кетирет. Класстарга видеокөзөмөл орнотуу маселени комплекстүү чечет деп ойлойм. 

ЮНИСЕФ уюмунун маалыматы боюнча, балдардын 83,5%ы мектепте зордук-зомбулукка кабылат. Ал эми жалпы тестиер-өспүрүмдүн 73%ы үй-бүлөсүнөн запкы жейт.

Мугалимдердин жана теңтуштарынын басымы көпчүлүк окуучунун мектепке барбай калышына негизги себеп болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM