Биз менен байланышыңыз

Мектептеги агрессия: Мугалим менен окуучу диалогго муктаж

Коом | 26 мая 2022 | 1280 | 0

Кечээ социалдык тармактарда окуучу кызды мугалим сабап жаткан видео тасма тараган. Окуя 23-майда Сузак районунун Сафаровка айылындагы мектепте болгон. Окуучуга кол көтөргөн информатика мугалими, ал эми каяша айткан кыз 7-класстын окуучусу. Бул окуя мугалимдердин профессионалдуулугуна шек келтирип, көмүскөдө калган окуучу-мугалим мамилеси, укуктары жана милдеттерин дагы бир ирет күндемге алып чыкты.  Мындай абалдын келип чыгуу себептери жана аны чечүү жолдору тууралуу тараптардын, депутаттардын жана эскперттердин пикирлерин угуп көрдүк. 

Окуяга байланыштуу Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлдү. Комиссиянын териштирүү иштерин натыйжасында окуучуга кол көтөргөн мугалим жумуштан бошотулду.

Аталган факты боюнча толук жана объективдүү текшерүү максатында, атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча окуу жайдагы мугалим жана мектеп окуучулары суракка алынып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө. Ошондой эле акыйкатчы бул окуянын териштирүү иштерин көзөмөлдөй турганын билдирди.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мугалимдин окуучу кызды сабаганы боюнча журналисттерге комментарий берди. Ал негизинен коомдо мугалимдерди ушундай абалга алып келген учурлар көбөйгөнүн белгилеп, бул балдарды тарбиялоого байланыштуу экенин айтты. Мектептерде тарбия берүү тармагындагы иштер күчөтүлөт. Бул үчүн атайын тармак түзүлгөнүн кошумчалады министр.

«Балдардын тарбиясына билим берүү мекемелери эмес, үй-бүлө жооптуу. Билим үйдөн, чөйрөдөн башталат. Биз азыр билим берүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыктык, анда ата-энелердин, билим берүү мекемелеринин тарбиясы үчүн жоопкерчилик каралган. Мунун баары руханий тарбиянын жоктугунан болууда. Мугалимге мындай мамиле кылуу туура эмес, бирок мугалим да баланын ата-энеси, мектеп жетекчилиги менен сүйлөшүп, маселени тынчтык жолу менен чечиши керек болчу. Мугалимдердин айлыгы көтөрүлүп, иш кагаздары кыскарып, ата-энелер, окуучулар менен иштөөгө бош убактылары пайда болду. Окуучуга билим эле берүү жетишсиз. Адамды тарбиялоо үчүн көбүрөөк билим зарыл. Мектеп ата-энелер менен тыгыз байланышта болушу керек.»

Сабалган кыздын энеси журналисттерге интервью берип, кызын урбай дароо энесин чакырса болмок экенин айтты. Апасы мугалимди жазага тартууда алыс экенин, себеби ал да беш баланын энеси экенин кошумчалады.

«Эми ал эжейди каматып салайын дегем оюм жок. Ал да беш баланын энеси. Бирок бул кылганы такыр туура эмес. Мени чакырса болмок.  Макул күнөө менин кызымда экен, мен өзүм эле чара көрүп коймокмун.»

Бул маселе бүгүнкү парламенттин жыйынында да талкууланды. Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Шакиев аталган окуя эки тараптуу терең изилдениши шарт деп белгиледи. Мугалим жазасын алыш керек, бирок бир гана аны каралоодон алыс болуш керектигин кошумчалады.

«Маселени эки жактуу караш керек. Окуучулар дагы мугалимдин өзүнөн чыгып кеткен абалга чейин жеткирбеш керек. Ошол эле учурда азыркы тапта мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү. Көтөргөндөн кийин мугалимдердин жүрүм турумуна, бирген билимдин сапатына, мүнөзүнө дагы көңүл буруш керек.»

Кыргызстанда буга чейин да мугалим окуучуга кол көтөрүп, иштен кеткен окуялар катталган. Адистердин айтымында буга бир нече факторлор себеп болууда. Алсак, өлкөдөгү оор экономикалык абал, социалдык чаңылуу, мугалимдердин статусунун төмөндүгү жана окуучулардын, өспүрүмдөрдүн тарбиясы чабал болуп жатканы.

Билим берүү маселелери боюнча эксперт Догдургүл Кендирбаева мугалимдин окуучуга кол көтөргөнүн туура эмес деп эсептейт. Анын пикиринде окуучуларга кол көтөрүү, алар менен кайым айтышуу бул – алсыздыктын белгиси. Кандай гана кырдаал болбосун балага агрессиялык мамиле көрсөтүү акылга сыйбай турган аракет. Оор кырдаал жаралса ар бир мугалим уруш-талашсыз чыгып кетүү жолдорун билүүсү абзел.

Ошол эле учурда адис, ата-энелер жана окуучулар мыйзамда так жазылган милдеттерди сактабай жаткандарын сынга алды.

«Билим берүү мыйзамында ата-энелердин милдети жөнүндө так жызылган. Анда ата-энелер балдарын улуулардын эмгегин баалаганды үйрөтүү керектиги, коомдо өзүн-өзү алып жүрүү этикасын жана мамлекеттин баалуулуктарын сыйлаганга тарбиялаш керектиги айтылган. Бирок бүгүнкү күндө үй-бүлө институтунун иштебегендиги, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда бири-бирине болгон коммуникациялык баалуулуктардын жоголушу — мындай тирешүүлөрдү пайда кылууда. Билим берүү процессинде класс эч качан күрөшө турган аянтча болбойт. Мектеп, класс – бул билим алуунун, изденүүнүн, пикир алмашуунун аянчасы деп ар бир окуучунун эсине салыш керек.»

Билим берүү боюнча серепчи Асылбек Жоодонбеков да кандай тартип болбосун окуучуга карата күч колдонуу – алсыздыктын көрсөткүчү катары сыпаттайт. Анын пикиринде бул мугалимди педагог жана агартуучу деп атоо өтө оор. Өз кесибин сүйгөн, балдарга татыктуу билим бере алган гана инсандар мугалимдик кесипти аркалышы абзел деди адис.

«Бүгүнкү күндө мектептеги мугалимдер: “Мен чынында эле ушул кесиптен рахат алып жатамбы? Балдарга туура багыт бере алып жатамбы? Балдар мени жакшы көрөбү? Балдар менен болгон мамилем кандай? Деген суроолорду өздөрүнө көбүрөөк бериши керек. Эгер алардын жообу жок дегенде 50-60%га терс болсо, анда ал мугалимдердин мектепте иштөөсүнө акысы жок.»

Билим берүү маселелери боюнча эскперт Кеңешбек Сайназаров ушундай үрөй учураган окуялардын үч негизги көйгөйлөрүн атады. Биринчиден бул — мугалимдик этиканын сакталбай келиши. Адис мугалимдик этиканы сактоо агартуучулар үчүн Гипократтын антындай аябай маанилүү нерсе экенин эскертти. Мугалимге бир кесиптин мыкты ээси болгону аздык кылат, муну менен бирге жакшы адам, жакшы агартуучу болушу абзел. Себеби балдардын тарбиясына мугалимдер таасир эте алат жана кийинки муун да тарбияланат деп калган көйгөлөрдү түшүндүрдү.

«Экинчи маселеси бул мектептин сырткы жана ички көзөмөл болуш керек. Мындай окуялар болуп кеткен мезгилде ушуга бардырбаш үчүн «мугалимдерди чеберчилигин жогорулатуу» деген тармак аябай манилүү. Үчүнчүсү бул ата-энелерге тиешелүу болгон нерсе. Ата-энелер балдардын үйдөгү, коомчулукта алып жүрүүсүнө көз салып, тарбия бериш керек. Анан ата-эне мектеп менен тыгыз байланышта болушу шарт.»

Шаардык мектептерди биринде мугалим болуп эмгектенип келген Махабат Айтынбетова ата-энелер өз милдетин аткарып, балдарга жакшы тарбия берүүсүн талап кылат. Анын пикиринде үйдө ата-энелер мугалимдер жөнүндө сөз кылып, аларды жамандаса баласы муну көрүп кайталайт жана мугалимдерге орой мамилердин көбөйүшү ушул себептен болууда.

Мурун ата-энелер тарабынан балдарга тыюулар көп болуп, мунун пайдасы чоң болгонуна токтолду.

«Азыркы окуучуларды тарбия жок. Биздин да ата-энебиз иштеген. Биз да окуучу болгонбуз, бирок мугалим дегенде биз титиреп турчубуз. Бирок терс көрүнуштөр жок болчу. Анткени эгер бир нерсе болсо ата-энебиз: «сооп болот сага, сен тескери кылгансың, кайыш айтышкансың, эмкиде тилиңди тартып жүр», — деп бизди тыйып койчу. Улууларды сыйла, кайыш айтышпа, өйдө караба деп дайыма айтышчу да. Азыр болсо андай жок.»

Психолог Чынара Термечикова мугалимдер дайыма психологиялык жардамга муктаж экенин баса белгилейт. Себеби азыркы убакытта мугалимдер балдардын жаш курагына жараша муктаждыктарын билбей келет. Ушундан улам көп талаш-тартыш, түшүнбөстүктөр жаралат. Бул боюнча мугалимдердин психологиялык билимин жогорулатып, окуучулар менен достук мамиле курганды, аларга сырдаш болгонду, моралдык деңгээлин көтөрүүнү үйрөтүү керек деп эсептейт адис.

«Мугалимдерге конфликт учурунда окуучуларга  зомбулуксуз мамиле кылууга үйрөтүү керек. Кандай болгондо да достошуу мамиле аркылуу балдар менен тил табышканды түшүндүрүү зарыл.»

Өлкөдөгү жакырчылык, экономикалык кризис, чечилбеген социалдык көйгөйлөр, элдин жашоо шартынын начардыгы, аймактардагы оор шарттар,  аялдардын татаал жашоосу жана алардын үй-бүлөдөгү төмөн статусу жана башка ушул сыяктуу маселелер мугалимдерди окуучуларга карата зомбулук көрсөтүп кол көтөрүүгө түрткү болууда. Бул тууралуу коомдук ишмер Илим Карыпбеков айтып, төмөнкүлөргө токтолду:

«Аял киши кыргыз үй-бүлөсүндө экономикалык кризистен, социалдык жетишпестиктерден, ошондой эле аймактарда аялдарга карата зомубулук көп, тарбия башкача, аялдардын орду дайыма экинчи же үчүнчү орунду ээлеп келгендиктен ушунун баары психологиялык жактан өтө чоң басым болуп, таасир этип, мугалимдердин аша чаап кетип жаткандары ушул себептерден улам болууда.» 

Адистердин айтымында мындай окуялардын кайталанбашы үчүн – ар бир инсан өзүн тарбиялоодон башташы керек. Себеби балдар бул ата-эненин күзгүсү. Алар эмнени көрүп укса ошону дароо кайталайт.

Мугалим окуучуну сабады деген окуялар буга чейин дагы бир нече ирет катталган. Өткөн жылы Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө айылында мугалим сабаган 8-класстын окуучусу аймактык ооруканага түшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM