Биз менен байланышыңыз

Кореянын телекоммуникациялык компаниясы кызматташууга кызыкдар

Кыска кабар | 18 мая 2022 | 191 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кореянын Korea Telecom Corporation телекоммуникациялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту.

«Өлкө башчысы ачык, айкын жана адилет бийликти курууга кызыкдар. Бул максатка жетүү үчүн маанилүү кадамдардын бири санариптик өкмөттү түзүү болуп саналат. 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасында “жашыл” экономиканы өнүктүрүү жана санариптик трансформация артыкчылыктуу багыттар болуп саналат»— деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ири байланыш операторлорун жана банкты башкаруу функциялары санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилгенин, ошондой эле аларды өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча масштабдуу тапшырмалар коюлганын белгиледи. Ал мындан ары телекоммуникациялык компания менен кызматташууну чыңдоо жана өнүктүрүү аркылуу экономика жана каржы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармактарына алдыңкы тажрыйбаны киргизүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын санариптик трансформациясынын Улуттук стратегиясын иштеп чыгуудагы изилдөөлөрдүн жыйынтыктары сунушталды.

KT Corporation компаниясынын президенти Юн Кёнг Лим мындан ары жемиштүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM