Биз менен байланышыңыз

Бекешев: «Дастанды» Санариптик өнүгүү министрлигине берүү туура эмес

Кыска кабар | 18 мая 2022 | 220 | 0

«Дастан» ишканасын Санариптик өнүгүү министрлигине берүү туура эмес, бул болгону элди алдоо. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, ишканалардын берилишин мамлекеттик мүлктөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия дыккат иликтеп чыгыш керек.

«Былтыр Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары «Евразия сактык банкы» менен «Альфа Телеком» ишканаларын приватташтырууга макулдук берип, токтом чыгарганбыз. Министрлер кабинетинин 10-майдагы токтому менен «Кыргызтелеком», «Евразия сактык банкы», «Альфа Телеком», «Дастан» ишканаларынын мамлекеттик акциялары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан алынып, Санариптик өнүгүү министрлигине берип жатышат. Андай болсо буга чейин чыгарыдыган токтомдорду жокко чыгарыш керек. «Мегаком» үчүн канча жетекчилер түрмөдө отурду, мамлекет эл аралык соттордо күрөштү. Биз күрөшүп-күрөшүп, аягында Ширшовго берип жатабыз. Алексей Ширшов менен министр Талант Имановдор достор. Курал чыгарган «Дастан» ишканасын Санариптик өнүгүү министрлигине берип жатышат» , — деди Бекешев.

Эске салсак, 10-майда «Дастан» ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов Кыргызстанга кайтып келгенде УКМК камакка алып, бирок жарым суткадан кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарып жиберген.

11-майда Kaktus.media өздүк булактарына таянып, Ширшов санариптик өнүгүү министри Талантбек Иманов менен чогуу «Дастан» ишканасынын жетекчиси Эрик Апышевдин иш бөлмөсүндө болгонун, ал жерде эки сааттай баарлашканын жазган. Анда Ширшовдун Эрик Апышевдин кызматтык унаасы менен «Дастан» ишканасынын аймагынан чыгып баратканы да видеого тартып алынган.

Президент Садыр Жапаров Ширшовдун Кыргызстанга келишин Максим Бакиевдин эсебиндеги 200 млн долларды кайтарууга жардам берери менен түшүндүрүп, өзү кабыл алганын айткан.

Санариптик өнүгүү министри Талантбек Иманов 2010-жылдын 7-апрелине чейин Ширшовдун жеке айдоочусу болуп иштеген. Ширшов 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Кыргызстандан качып кетип, Садыр Жапаров бийликке келгенде кыргызстанга кирип-чыгып жүргөнү айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM