Биз менен байланышыңыз

Кожошевдин кеңешчиси эшек бизнеси боюнча пара алып кармалды

Кыска кабар | 16 мая 2022 | 278 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси эшек бизнеси боюнча пара алып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кармалган жаран  учурда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси экендиги аныкталды. Ал мурда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси болуп иштеген.

2016-жылы кылмышка шектүү Ы.Т.К. чет элдик ишкер С.С.дан эшектерди Кыргызстандан Кытайга алып чыгууга уруксат берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып, 70 миң доллар өлчөмүндө акча алган. Ошол эле учурда ишкерге уруксат документтерин көрсөтүшкөн эмес жана акчасын кайтарып берген эмес.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси («Пара алуу») боюнча кылмыштардын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ушул жылдын 14-майында УКМК тарабынан каражаттардын бир бөлүгүн С.С. аттуу ишкерге кайтарып берүү учурунда пара менен Ы.Т.К. кармалган.

Учурда бул кылмышты жасоого катыштыгы барларды аныктоо боюнча комплекстүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM