Биз менен байланышыңыз

Караколдо аялын сабаган жаран камакка алынды

Кыска кабар | 16 мая 2022 | 426 | 0

Караколдо аялдын сабалышы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

14-майда Каракол шаардык милициясына Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына 1984-жылы туулган У.А. аттуу аял денесинен жаракат алып жаткырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесинин (Үй-бүлөлүк зомбулук) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Маалыматка караганда аялды күйөөсү кызганычтан улам сабаганы маалым болгон. Кийин 138-берене (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM