Биз менен байланышыңыз

Украина армиясынын санын бир миллионго чейин чыгарат

Дүйнө , Кыска кабар | 16 мая 2022 | 811 | 0

Украинанын коргоо министри Олексий Резников Куралдуу күчтөрдөгү аскерлердин санын бир миллионго жеткирип, аларды толук куралдандыруу ниетин билдирди.

Коргоо министри Резников фейсбуктагы баракчасы аркылуу Украина калкына кайрылуу жасады. Анда ал Орусиянын агрессиясына каршы турууда украин элинин эрдигин мактаган. Ошондой эле мындан ары да аскердик ресурстарды туура колдонуу менен Орусиянын баскынчылык саясатына каршы туруу керектигин айткан.

Мындан сырткары Украина учурда согуштун жаңы баскычына киргенин, алдыда «өзгөчө оор күндөр» турганын эскертти. Ошондой эле армиянын санын бир миллион кишиге жеткирип, алардын баарын курал-жарак менен камсыздоого убада берди.

Интернеттеги ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, Украинанын армиясынын саны 200 миңди түзөт. Ал эми резервде 250 миң аскер турат. Ошондой эле аскердик даярдыгы бар жарандардын саны 407 миң. Дүйнөлүк рейтингде Украина армиясы 22-орунда.

Белгилей кетсек, Орусия Украина аймагына 22-февралда кол салган. Учурда Орусия Мариуполь шаарынын негизги бөлүгүн жана Херсон аймагын көзөмөлдөп турат. Ал эми Харьков шаары үчүн күрөш уланууда. Мындан сырткары Украинанын чыгышы Донбасста да согуш оту күч алды. Аскер жаатындагы адистер Украина менен Орусия жакын арада тынчтык келишимине жетерине күмөн саноодо. Тескерисинче, согуш мындан ары да курч абалга өтүшү мүмкүн деп болжолдонууда. Ал эми Батыш өлкөлөрүнүн айрым лидерлери эки тарапты сүйлөшүү столуна отургузуу зарыл деп эсептесе, Украина президенти Владимир Зеленский Орусия украин аймагынан аскерлерин чыгарып кеткен учурда гана сүйлөшүүлөр башталат деген пикирин билдирди.

Мариуполдогу соңку чеп: «Азовсталдын» азыркы абалы

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM