Биз менен байланышыңыз

Мариуполдогу соңку чеп: «Азовсталдын» азыркы абалы

Блог | 13 мая 2022 | 469 | 0

Украинанын Мариупол шаарындагы «Азовстал» заводу үчүн күрөш дээрлик эки айдан бери уланууда. Орусиялык аскерлер аталган шаарды алуу үчүн март айынын ортосунда аракетин баштаган. Учурда «Азовстал»  заводу украиналык аскерлер коргоп турган соңку чеп болуп калууда. Ал эми Мариуполдун негизги бөлүгү орусиялык аскерлердин көзөмөлүнө өткөн.

Май айынын башында эл аралык уюмдардын колдоосу менен заводдо баш калкалаган жай тургундар эвакуацияланган. Ал эми 8-май күнү комбинатты коргоп жаткан «Азов» полкунун аскерлери «коргонуу үчүн берилген бардык ресурсту колдонуп бүттүк», — деген билдирүү жасады. Ошондой эле батальондун «Телеграм» каналында орус армиясынын авиасоккуларынан жаракат алган украин аскерлеринин заводдун жертөлөсүндө кантип жашап жатканы тууралуу сүрөттөрдү жарыялады. Анда алар дүйнөлүк коомчулуктан жардам сурап, «дүйнө Мариуполдогу жарадар жана майып болуп калган мекен коргоочулары кандай шартта жашаганын көрүшү керек жана бизди куткаруу үчүн аракеттерин баштоосу зарыл», — деген билдирүү жасашкан.

Украин бийлигинин маалыматында, БУУ жана Кызыл Чырым коомунун аракети менен менен заводдун айланасында баш калкалаган миңдей украиналык эвакуацияланган.

Стратегиялык порт

Орусия Украинага кол салган күндөн тарта негизги басымды Мариуполду ээлөөгө жасаган. Дээрлик жарым миллион калк жашаган бул шаарда Азов деңизиндеги стратегиялык порт жайгашкан. Бул порт саясий да чоң мааниге ээ болуп саналат.

Мариуполду 2014-жылы май-июнь айларында жикчилдерден украин аскер күчтөрү жана ыктыярчылар тобу сактап калган. Так ошол ыктыярчылардан турган топ курамында 70 киши менен «Азов» полку болуп түзүлгөн. Кийин ага украин армиясынын атайын аскерлери кошулуп, учурда полктун катары 800гө жеткен. Бул полк 2014-жылдан бери Мариуполдогу стратегиялык эки ири металлургия заводу (Ильич атындагы комбинат жана «Азовстал») жана бир машина куруучу заводун коргоп келишет. Бул ири заводдор шаардын негизги экономикалык таянычы болуп саналат.

Быйыл март айында Орусия армиясы Мариуполду бардык тарабынан курчоого алып, анын деңиз менен байланышын үздү. Шаарды коргоого «Азов» полку, 36-деңиз полкунун аскерлери, чек арачылар жана полиция катышты. Ошого карабай Орусиянын аскерлери жана жикчилдер украин армиясын шаардан сүрүп чыгып, Ильич атындагы металлургиялык заводду жана деңиз портун ээлешти.

Мариуполдогу аёосуз согушта шаардын 90%ы авиасокку жана артиллериялык соккулардан улам кыйроого учурап, азыркы тапта бир гана «Азовстал» заводундагы украин күчтөрү багынбай турат.

«Азовстал» кандай жай?

«Азовстал» — дээрлик 100 жылдык тарыхка ээ металлургиялык гигант болуп саналат. Ал Кальмиус дарыясынын сол жээгинде өтө ири аймакта жайгашкан. Тагыраагы комплекс Кальмиус дарыясы жана Азов деңизинин ортосунда турат. Завод өзүнүн жүк ташуучу портуна жана жер астынан өткөн коммуналдык системага ээ.

Аталган заводду куруу чечими СССРдин Жогорку Президиумунда 1930-жылы кабыл алынган. Географиялык жайгашкан жери заводго темир рудасын деңиз порту аркылуу жеткиргенге ыңгайлуу болгон. 1931-жылы заводдун алгачкы имараты жана деңиз порту курула баштаган. Эки жылдан соң «Азовстал» чоюндун алгачкы партиясын алган.

1941-жылы шаарга фронт линиясы жакындап калганда, көпчүлүк техникалык агрегаттар Уралга көчүрүлгөн. Германия армиясы 1941-жылы 8-октябрда Мариуполду ээлеп, 1943-жылы чегинүү учурунда заводдун негизги имараттарын жардырып, күлүн көккө сапырып кеткен.

194-жылы заводдогу өндүрүш кайра жанданып, металлургия жаатында Европанын алдыңкы заводуна айланат. 1996-жылы «Азовсталды» украиналык миллиардер Ринат Ахметов сатып алган. Орус армиясы быйыл бастырып киргенге чейин бул заводдо 10 миң киши иштеп жаткан.

Заводдун жалпы аянты 11 квадрат километр. Бул Киев облусундагы Бородянка шаарынан эки эсе чоң же Ватикандын 25 эсе чоң дегенди түшүндүрөт.

Жарадар аскерлерди куткаруу аракети

Киев учурда Москвага заводдогу жарадар аскерлерди туткунга түшкөн орус аскерлерине айырбаштоону сунуштап жатат. Соңку маалыматтарга ылайык, учурда заводдогу оор жаракат алган 36 аскерди алып чыгуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Азов» полку алар орус армиясына багынбай турганын, жарадар аскерлерди гуманитардык коридор аркылуу гана чыгаруу зарылдыгын айтышкан.

«Азовстал» металлургия комбинатынын 2005-жылдагы көрүнүшү. Фото: »SCM» / ТАСС
«Азовстал» 2022-жыл, апрель.
Анатолий Жданов / Коммерсантъ

Украинанын эң бай адамы Мариуполду кайра курууга убада берди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM